• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казак сенатынын төрагасы той-аштардагы ысырапкорчулуктан баш тартууга чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Казакстан сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев той-аштарды өткөрүүдө «өзбектерден, түрктөрдөн жана түркмөндөрдөн» үлгү алууну сунуштады. Бул тууралуу ал «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Той-аштарды өткөрүүгө жаңы мамиле керектиги тууралуу маалымат каражаттарында айтылып жаткан пикирлерди колдойм. Ашыкча ысырапкорчулуктан арылуу үчүн жаңы формат зарыл», — деп жазды Токаев.

Анын пикиринде, мында «өзбек, түрк жана түркмөндөр сыяктуу улуттук каада-салттарга басым жасоо керек».

Касым-Жомарт Токаев билдирүүлөрү үчүн дайыма Твиттерди колдонуп келет. Андагы аккаунтун ал 2011-жылы июлда ачкан.

Пикир

Оставить комментарий