• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстандагы этникалык кыргыздар Ташкентте өткөн улуттук тамактардын фестивалына катышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 15.09.18. /Кабар/. Өзбекстандын этникалык кыргыздары республиканын эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган "Тасанно-2018" улуттук тамак-аштардын фестивалына катышты.

Калыстар тобунун мүчөлөрү беш бармак, боорсок, шорпону, Кыргызстанда өндүрүлгөн ичимдиктерди, суусундуктарды жогору баалашты.

Андан сырткары Ташкенттеги Кыргыз улуттук маданий борбордун активисти Расия Жуманазарова "Оюм-чийимдер ырдаганда" аттуу кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн буюмдарынын стендин уюштурган.

Өзбекстандын республикалык кыргыз маданий борборунун айымдар кеңешинин төрайымы Бурул Абдыкадырованын айтымында, кыргыздын улуттук тамак-ашы менен таанышуу башка элдердин каада-салттары менен таанышууда маанилүү ролду ойнойт.

Фестивалга Ташкентте өтүп жаткан Афганистандын маселелери боюнча аймактык семинарга барган Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева катышты.

Фестивалдын жыйынтыгында Өзбекстандын республикалык кыргыз маданий борбору диплом жана баалуу белек менен сыйланды.

Иш-чара Өзбекстандын Министрлер кабинетинин алдындагы улуттар аралык байланыш жана чет өлкөлөр менен достук байланыш боюнча комитет тарабынан уюштурулду. Аталган достук жана меймандостук фестивалы 2004-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий