• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Канадада жашаган мекендештерге кулактандыруу. Элчи иш сапары менен Монреаль шаарына барат

Коом 0

Бишкек, 01.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев жана элчиликтин кызматкерлери 2022-жылдын 18-19-январь күндөрү Монреаль шаарына жумушчу иш сапары менен барат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР элчиси Канадада жашаган мекендештер менен жолугушуп, алардын ар кандай суроолоруна жооп берет, ошондой эле атуулдарга консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт (жарандык паспортту алмаштыруу, ID-картаны жаңыртуу, мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк жасоо жана башка керектүү нотариалдык кызматтар көрсөтүлөт).

Элчилик мекендештерге кайсыл бир документти алууга келээрдин алдында сөзсүз түрдө элчиликтин https://mfa.gov.kg/kg/embassies/embassy?id=63 деген веб-сайтына баш багып өзүңүздөрдү кызыктырган документ боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып, колуңуздарга веб-сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып келүүнү эскертет.

Консулдук кызмат көрсөтүү 18-19-январь күндөрү саат 10-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт, дареги – 5905 Metropolitan East, Saint-Leonard, QC, H1P 1X3.

Пикир

Оставить комментарий