• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта иштеп баштайт – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрлик билдиргендей, бүгүн, 9-октябрь күнү президент Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-октябрынын саат 20:00дөн баштап 2020-жылдын 21-октябрына саат 08:00гө чейин өзгөчө абал киргизилет.

Бишкектин коменданты болуп ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалды.

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында өзгөчө абал 10-октябрдан тарта киргизилерин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий