• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарынын мэриясы калаа тургундарын жаңы сейил бакка бак тигүүгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы калаа тургундарын жаңы сейил бакка бак тигүүгө чакырат.

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, жаңы сейил бак шаардын түштүк тарабында жайгашкан. Жаңы сейил бакка коронавирус менен күрөшүп жатып каза болгон медицина кызматкерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап Адинай Мырзабекованын атын берүү сунушталууда.

Сейил бактын аянты 10,5 гектарды түзөт. Буга чейин ал жер ижарада болуп келген. Мэриянын жер ресурстары, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы ал жерди мыйзамдуу түрдө шаарга кайтарган.

Сейил бакта волейбол, баскетбол жана кичи футбол үчүн оюн талаалары бар. Ошондой эле ал жакта коомдук даараткана, унаа токтотуучу жай, камералар орнотулган.

"Урматтуу шаар тургундары ар бир дарыгер, медайым, санитар жана ыктыярчылардын пандемия учурундагы эмгегин баалап, дарак отургузуп кетүүгө чакырабыз. Эгер сиз бак отургузууну кааласаңыз, биздин жашыл акциябызга катышууга чакырабыз. Дарак - өмүр, элес, ден соолук", - деп билдирет мэрия.

Бак отургузууга катышууну каалагандар "Шаар сейил бактары" муниципалдык ишканасынын директору Калича Умуралиевага кайрылса болот: 0707 777749.

Пикир

Оставить комментарий