• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

17-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.02.19 /Кабар/. 17-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 3...8, Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8.

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 3...8.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6, ал эми Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8. Ошто түнкүсүн 0...+2, күндүз +6…+8.

Пикир

Оставить комментарий