• 88.68
  • 95
  • 0.95

Патенттин негизинде үйдө бала бакча ачуу. 107 арыз келип түшкөн

Коом 0


Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын март айында ишке киргизилген “Өкмөттүк акселераторлор” методологиясынын негизинде 100 күндүк реформалоо программасынын алкагында Бишкек шаарынын мэриясына патенттин негизинде бала бакча ачууну каалаган жеке ишкерлерден 107 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги басма сөз жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, бала бакча ачууну каалагандарды каттоо ушул жылдын 14-апрелинен тарта Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгында жана райондук администрацияларда жүргүзүлүүдө.

“Мындан тышкары, учурда билим берүү башкармалыгынын сайтынын базасында өзүнчө ресурс түзүү маселеси макулдашылып жатат, ал жакка каалоочулар арыз менен кайрыла алат”, - деди ал.

Вице-мэр белгилегендей, учурда ошондой эле ишкерлер үчүн райондук администрацияларда ыкчам байланыш телефондору түзүлдү: Биринчи май району – 0(312) 65-32-02, Ленин району – 0 (312) 65-68-94.

Эске салсак, патенттин негизинде балдардын мектепке чейинки мекемесин ачууга мүмкүнчүлүк түзгөн долбоор Бишкектин Ленин жана Биринчи май райондорунда пилоттук режимде ишке кирип, конуштардын тургундарына багытталган.

Пикир

Оставить комментарий