• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Ошко Өзбекстандын маданият министри баштаган чыгармалык топтун өкүлдөрү келди

Аймак 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарына Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековдун жетекчилиги маданият ишмерлеринен турган чыгармачыл топтун өкүлдөрү келишти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Конокторду “Достук” өткөрмө бекетинен Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов, Ош шаарынын маданият ишмерлери жана чыгармачыл топтун өкүлдөрү тосуп алышты.

Коноктор бүгүн З. Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын ачылыш аземине катышат.

Пикир

Оставить комментарий