• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

19-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 19-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты

Ага ылайык, бүгүн республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +2...+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10 градус, Ысык-Көл облусунда -1...+4 градус, Нарын облусунда -3...-8 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +5...+7 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий