• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

19нан 23-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.08.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 19нан 23-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат берди.

Ага ылайык, эртең, 19-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

20-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

21-августта түнкүсүн тоолуу райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-августта тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

19-21-август күндөрү Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы: 19-20-августта жана 21-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

21-августта күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-21-август күндөрү Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы: 19-20-августта жана 21-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
21-августта күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

19-21-августтарда Чолпон-Ата шаарында күтүлгөн аба ырайы: 19-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүнкүн. 20-августта жана 21-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

21-августта күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

КР токойлорунда өрт коркунучунун болжолу: Лейлек, Базар-Коргон,Аксы райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар,калган аймактарынын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.

Пикир

Оставить комментарий