• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбор бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +29…+34, Талас облусунда +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл облусунда +22…+27, Нарын облусунда +23…+28 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +32…+34 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий