• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 2 миңден ашуун бак электрондук инвентаризациядан өттү

Коом 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Бишкекте 2 миңден ашуун бак электрондук инвентаризациядан өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каттоого бак-дарактардын саны, геолокациясы, түрү, сугарылышы жана абалы тууралуу маалыматтар киргизилген.

Мэриядан белгилешкендей, бул программанын аркасында «Бишкекжашылчарбанын» кызматкерлери аларды багуу жана дарылоо үчүн зарыл болгон каражаттарды алдын ала эсептеп чыга алышат.

"Бүгүнкү күндө Эмен паркындагы бак-дарактарды электрондук инвентаризациялоо иштери аяктады", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, биринчи жолу электрондук инвентаризация былтыр июнь айында Эмен паркында жүргүзүлүп, алгачкы 100 эмен катталган. Бардык процесс «Арча» коомдук фондунун координаторунун жана ишкананын башкы агрономунун жетекчилиги астында өттү.

Пикир

Оставить комментарий