• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы кооптуу кырдаалдын фонунда биздин достук мамиледеги мамлекеттерибиздин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасына терс таасирин тийгизе турган дезинформациянын чоң агымы жүрүп жатат жана бул КРнын улуттук коопсуздугуна олуттуу таасирин тийгизет. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу ЖМКлар дагы, маалымат таратуучулар дагы өтө кылдат болушу керек. Бүгүнкү күндө ар бир интернет колдонуучу шектүү булактардан алынган маалыматтардын негизинде дүйнөнүн жеке картинасын түзө алат. Өлкөнүн, аскер кызматкерлеринин жана чек арага жакын жашаган жарандардын тагдыры ушуга көз каранды.

“Ошондой эле, социалдык тармактарда коомдук топтордун ээлерин алынган маалыматтарды кылдаттык менен текшерип, дезинформацияга бөгөт коюуга жана мамлекетибизди алсыратууга кызыкдар күчтөргө жардам бербөөгө чакырабыз. Социалдык тармактын колдонуучуларынан негативдүү комментарийлерди жазуудан карманууну, тиркемелерде кырдаалды курчуткан аудио-видео жаздырууларды жайылтпоону өтүнөбүз”,-деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий