• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2017-жылдын 7 айында Кыргызстандын экспорту 27,1%ды түздү - Новиков

Экономика 0

Бишкек, 20.09.17 /Мирлан Киизбаев – Кабар/. 2017-жылдын 7 айында Кыргызстандан экспорттоо 27,1%ды, ЕАЭБ өлкөлөрүнө 32,7%ды түзгөн. Бул тууралуу КР экономика министри Артем Новиков КР ишкерлер күнүнө карата атамекендик ишкерлерди сыйлоо учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык потенциалынын өнүгүшү туруктуу экономикалык өсүштүн маанилүү булагы болуп саналат.

“2017-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча экспорттун өсүшү 27,1%ды, ЕАЭБ өлкөлөрүнө 32,7%ды түзгөн. Бул атамекендик бизнестин тышкы рынокту өздөштүрүп, евразиялык экономикалык интеграциянын артыкчылыктарын колдонуп баштаганын дагы бир ирет көрсөтөт”, - деп билдирди министр.

Новиков ишкерлерди майда товарларга жана аларды сертификациялоого көңүл бурууга чакырды.

“Быйыл КР премьер-министри Сапар Исаковдун активдүү колдоосу менен экспорттук ишканалардын каржылоо программалары жактырылган. Анын алкагында 3,5 млрд сомго долбоорлорду каржылоо пландалууда”, - деп билдирди Новиков.

Иш чарада экономикага кошкон салымы үчүн Кыргызстандын 40 ишкери белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий