• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2017-жылы инфляция 5-7% деңгээлинде сакталуусу күтүлүүдө – Улуттук банк

Экономика 0


Бишкек, 14 -февраль /Кабар/. 2016-жылы Кыргызстанда инфляциялык процесстер азайды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өтөкн маалымат жыйынында КР Улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, инфляциянын орточо көрсөткүчү жыл боюу +0,4%ды түздү.

“Ошону менен бирге 2016-жылдын аягында баалар -0,5%га төмөндөдү. Дефляция, же баанын тетири өсүшү 2016-жылдын акыркы 4 айында байкалды. Бирок акыркы маалыматтар жылдык инфляциянын оң тарапка оогонун көрсөтүп турат, 2017-жылдын январында 2016-жылдын январына карата +0,5%ды түзгөн”,-деп белгиледи ал.

Ошондой эле, Толкунбек Абдыгулов 2017-жылы инфляция 5-7% деңгээлинде сакталуусу күтүлүп жатканын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий