• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2018-жылы ӨКМ 351 объектте коргонуу иш-чараларын өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. 2018-жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 351 объектте коргонуу иш-чараларын өткөрөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында ӨКМ башчысынын орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтуусунда, коргонуу иш-чаралары 87 объектте өткөрүлдү, 31и бүттү.

“Өзгөчө кырдаалдардан 1 миң 973 турак жай жана короо, 3 көп кабаттуу турак-үй, 4 көпүрө, 118 га айдоо аянттары, 4,4 чакырым жол жана 1 мектеп корголгон",-деп билдирди ал.

4 айдын ичинде 13 миң 597 адам окутулду, алардын ичинен 6 миң 708 - мамкызматкерлери, 501 – аскерлер, 12 миң 388 – калк, алардын 723ү соцкызматкерлери.

Пикир

Оставить комментарий