• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2018-жылы Ош облусунда 29 жаңы спорт жайлары курулган

Аймак 0

Бишкек, 18.12.18 /Кабар/. Ош облусунда 2018-жылы 29 жаңы спорт жайлары курулган. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ош облусу боюнча Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жунусмамат Сатыгуловдун маалыматына ылайык, облуста жыл ичинде 205 спорттук иш-чара өткөрүлгөн.

“Баардыгы болуп бул облуста 331 спорт зал, 1 миң 412 спорт жайлар, 26 жеке клуб жана тогуз спорт мектеби бар”, - деп билдирди Сатыгулов.

Спорт залдардын көбү боюнча Ноокат району биринчи орунда – 76. Ал эми Кара-Суу району спорттук аянтчалар боюнча алдыда. Өзгөн районунда спорт менен машыккандардын саны 3 миң 320 адам.

Региондун 9дан 28 жашка чейинки жарандарынын ичинен 1,26% жана баардык жарандардын 0,47%ы спорт мектептерде машыгат.

Спорттук топтор боюнча алдыда волейбол (106), футбол (83), эркин күрөш (48) турат.

Ал эми облус боюнча спорт менен дайыма машыккандардын саны 14 миң 400 адам.

Пикир

Оставить комментарий