• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында кумшекердин килограммы 70, өсүмдүк майынын 5 литри 650 сомдон сатылууда

Аймак 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына Материалдык резервдер фонду тарабынан 8 тонна өсүмдүк майы, 16 тонна кумшекер келди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-марттан тартып Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызматкерлери тарабынан шаардын Курманбек көчөсү 8 дарегинде (Муниципалдык базар) 1 кг кумшекер 70 сомдон, 5 литр өсүмдүк майы 650 сомдон сатыла баштады.

Эскерте кетсек, бир адамга 5 литр май, 5 килограммга чейин кумшекер сатылат.

Пикир

Оставить комментарий