• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2020-жылдын январь айында республика боюнча 78,8 миң тонна сүт өндүрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. 2020-жылдын январь айында республика боюнча 78,8 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын январь айында республика боюнча 78,8 миң тонна сүт өндүрүлдү же болбосо 2,0 пайызга мурунку жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 22,3 миң башка көбөйүшү менен байланыштуу.

Ошондой эле 2020-жылдын январь айында республикада 30268 миң даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 1229 миң даанага же 104,2 пайызга көбүрөөк болгон.

Республикада жумуртка өндүрүүнүн өсүшү үй канаттуулардын саны 201,4 миң башка көбөйүшү менен байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий