• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2022-жылдагы туристтик мезгил. Конокторду тосуп алууга даярдык кандай жүрүп жатат

Аналитика 0

Учурдагы туристтик мезгил тармакта бурулуш учур болуп калышы мүмкүн. Бул үчүн бардык өбөлгөлөр бар, кызыгы, дүйнөдөгү акыркы кырдаалдын фонунда тараза ташы Кыргызстан тарапка оогондой. Россия жарандарынын бир катар өлкөлөргө кирүүсүнө тыюу салынганын эске алганда алар биздин өлкөгө келүүсү мүмкүн. Азыртадан эле чет элдик жарандардын көп агымын байкоого болот, жай ортосуна чейин алар бир нече эсеге көбөйөт.

Кыргызстан келген конокторду мыкты деңгээлде тосуп алуусу өтө маанилүү. Туризм тармагында Кыргызстанда эс алууларды жагымдуураак кыла турган инновациялар жана жетишкендиктер бар экендиги кубандырат. Долбоорлор ишке ашырылып, каттамдар жана эски каттамдар кайра жанданууда, бийлик эс алуучулардын коопсуздугун ойлоп жатат.

Авиакаттамдар тууралуу 2 каттамды айтсак болот, анын бири Сургут шаарынан. Бул жаңы каттам, ал 4-июндан тартып ишемби күндөрү каттай баштайт. Экинчиси Москва – Тамчы каттамы. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда темир жол каттамы калыбына келтирилүүдө.

Туристтердин ыңгайлуулугу үчүн популярдуу болгон болгон бардык туристтик каттамдарда эс алуу жайлары ачылат. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Министрлер кабинетинин жыйынындагы презентацияда белгиленгендей, эс алуу пункту туристтер жана саякатчылар үчүн эс алуу, маалымат алуу жана гаджеттерин кубаттоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Бул жерде сиз террасадан кофе ичип же душка түшсөңүз болот. Ар бир rest point туристтерге керектүү бардык маалыматты, маршруттар жана кооз аймактар, эс алуу зоналары жана жакын жердеги кызыктуу жерлерди камтыган туристтик интерактивдүү дисплей болот.

Бардык эс алуучу жайларда душ жана ажаткана, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да шарттар каралган. Атайын жабдылган намазкана, чакан кофекана, күркө жана кубаттоо пункттары бар. Rest point жыл бою иштей алат. Аларды жылытуу жана ысык суу үчүн күн коллекторлору орнотулат, канализациясы жок жерлерде автономдуу тазалоочу курулуштар курулат.

Туристтик сезон убагында коопсуздукту камсыздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт. 3-июндан тартып ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү.

“КР президенти – Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин түздөн-түз колдоосунда, чет элдик кесиптештердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен элди коопсуз тейлөөгө карата заманбап шарттарды түзүүгө жетиштик. Өлкөбүздүн аймактарында жаңы образдагы заманбап жабдыктар менен камсыздалган милициянын аймактык тескөөчүлөрү ишке кирсе, Бишкек, Ош шаарларында бир катар чет тилдерди билген туристтик милиция кызматы ишке киргизилип, Ысык-Көл облусунда туристтик жана экологиялык кызматы материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздалып, милдетин аткарууга чыкты”, - деп билдирди Ички иштер министрлигинен.

Коомдук жайларга, эл көп чогулган аймактарга, жол кырсыктары мүмкүн болгон кооптуу трассаларга, кылмыштын бетин ыкчам ачууга карата мерчемдүү жерлерге 2 миңден ашуун видео-камералар коюлуп, мониторинг борборлору күнү-түнү көзөмөлдөө иштерин алып барууда. Жогоруда аталган учурлардан тышкары, дагы башка бир катар заманбап санариптик талаптарга жооп берген жагымдуу шарттар түзүлдү. Республиканын алыскы туристтик аймактарында калкка жана чет элдик жарандарга (туристтерге) сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында милициянын 57 көчмө кабылдамасы тартылат. Муну менен катар ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн бир катар жакшы шарттар түзүлдү.

“Түзүлгөн шарттардын алкагында, туристтик мезгилде биздин жарандардын жана чет элден келген эс алуучулардын арасында ар түрдүү укук бузууларга жол бербей, жүктөлгөн милдеттер ийгиликтүү ишке ашырыла турганына ишенем”, - деди ИИМ башчысы.

3-июнда жыйын өтүп, анда туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоо маселеси талкууланды. Маалым болгондой, жумушчу кеңешмеде облустун ички иштер башкармалыктарынын, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жайкы эс алуу мезгилинде коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык күчтөрдү жана каражаттарды мобилизациялашты. Эс алуу жайларынын, кампалардын техникалык бекемделиши, ошондой эле курорттук жана эс алуу жайларынын видеобайкоо камералары менен жабдылышы текшерилди. Аныкталган бардык кемчиликтержди жоюу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берилди.

Муну менен катар анализ жүргүзүлүп, өткөн жылдагы тажрыйба жана кемчиликтер эске алынды.

"Ар бир адам, мейли Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттин жараны болсун, милиция кызматкерин көргөндө, өзүнүн коопсуздугун сезип, милиционерди өзүнүн коргоочусу катары көрүп, кандай гана шартта болбосун, андан жардам аларын сезип турушу керек. Тагылган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн, милиция кызматкери жарандардын, коомдун жана мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылып, кызматка толугу менен берилген, өз мамлекетинин патриоту болушу керек", - деди ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбектов.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий