• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы бажы мыйзамдарын бузуу боюнча 3 миң 802 факты катталды

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы бажы мыйзамдарын бузуу боюнча 3 миң 802 факты катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, зыяндын жалпы суммасы 488 млн сомду түзөт.

"Укук бузуулар боюнча 3 миң 547 иш ачылып, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 24 млн сомдон ашык айып пул салынып, өндүрүлдү. Кошумча төлөм жана алдын алуу иш-чаралардын алкагында 321,1 млн сом суммасында бажы төлөмдөрү төлөндү. Ачылган кылмыштардын алкагында мамлекеттик казынага 244,2 млн сом өлчөмүндө зыяндын орду толтурулган", - дейт ал.

Исабеков кошумчалагандай, 2021-жылы кошумча түшүүлөрдүн суммасы 243,5 млн сомду түзсө, 2022-жылдын отчеттук мезгилинде бул көрсөткүч 589,4 млн сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий