• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Чет мамлекеттин аймагында согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, К.у.А. Кыргызстандын жараны болуп, Украинанын аймагына көчүп келип, ал жердеги аскердик топтордун катарында аскердик операцияларга катышкан.

2023-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.у.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий