• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Тазалыктын” кызматкерлери Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоону улантууда

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоону улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын кызматкерлери түнү бою жол жээгин тазалады. Учурда экинчи нөөмөт көчөлөрдү, тротуарларды тазалоого ишке чыкты.

"Учурда линияда 38 атайын техника иштеп жатат жана жол тейлөө башкармалыгынын 30 жумушчусу тартылган. Жалпы шаардын көчөлөрүндө "Тазалыктын" 635 кызматкери иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы жарандардан унааларды жол жээгине калтырбоону суранат, анткени унаалар карды тазалоо учурунда атайын техникага тоскоол болуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий