• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2023-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 21,2 млрд сомду түзөт – Финансы министрлиги

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.10.22 /Кабар/. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» КР мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи - министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 2023-2025-жылдарга карата болжолдонгон экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду.

Алсак, республикалык бюджеттин жалпы кирешелери мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы 322 млрд 766, млн сом суммасында же ИДПга карата 34,8% каралган. Ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 2024-жылы 389 млрд 211,5 млн сомду, 2025-жылы 443 млрд 829,8 млн сомду түзөрү болжолдонууда.

Андан тышкары, 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 344 млрд 029,2 млн сом (ИДПга карата 37,1%) деп белгиленсе, 2024-жылга 375 млрд 807,4 млн сом, 2025-жылы 420 млрд 314,0 млн сом болору күтүлүүдө. Тагыраагы, 2023-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263,2 млн сомду же ИДПга карата 2,3%ды түзөт.

Талкуу маалында комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев инфляцияга байланыштуу тобокелдиктерди эске алуу зарылдыгын белгилеп, ошондой эле тышкы карызды тейлөө боюнча чараларды көрүүнү сунуштады.

Ал эми комитет төрагасынын орун басары Балбак Түлөбаев салык чогултуу планынын аткарылышына кызыкты. Салык кызматынын өкүлү белгилегендей, 2022-жылдын 9 айында салык чогултуу планы 111 млрд 518 млн сомду түзсө, көрсөтүлгөн мөөнөттө 111 млрд 755 млн сом чогултулду.

Мындан тышкары, эл өкүлү тиешелүү мамлекеттик органдарды Кумтөрдөн казылып алынган алтынды сатуудан түшкөн каражаттардын сарпталуусу боюнча туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Анын айтымында, бул каражаттар кендин ишин камсыздоого байланышкан операциялык чыгымдарды жабууга да, мамлекеттик бюджетти колдоого да багытталганын калктын көңүлүнө жеткирүү зарыл.

Депутат Нурбек Алимбеков «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ачык акционердик коомдоруна 10 млрд сом бөлүп берүүсү тапшырылганын эске салып, аталган долбоордун аткарылышына кызыкты.

Финансы министринин орун басары бул долбоорго 2022-жылдын 9 айында Финансы министрлиги тарабынан 3 млрд 400 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады. «Ошондо, 7 млрд сом өздөштүрүлбөй калды. Бул долбоордон дыйкандардын үмүтү чоң болчу», - деди Нурбек Алимбеков.

Жибек Дүйшеева айыл чарбасын өнүктүрүүнүн кластердик механизмине негизделген бул долбоор жаңы экенин жана каражатка суроо-талапты айыл чарба өндүрүүчүлөрү өздөрү түзөрүн айтты.

Өз кезегинде, депутат Жалолидин Нурбаев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо зарылдыгына токтолуп, министрлер кабинетинен органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүгө каражатты бюджетке киргизүүнү чакырды.

Талкуудан соң комитет мүчөлөрү депутаттардын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен сунушталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты.

Пикир

Оставить комментарий