• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

2024-жылга Нарын РЭТи 106 даана трансформаторду техникалык тейлөөдөн өткөрөт

Аймак 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасы 2024-2025 күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2024-жылдын иш планына ылайык аткарылуучу жумуштар:

Нарын РЭТнин тейлөөсүндө 10/0,4 кВ 230 даана трансформатор бар, анын ичинен 106 даанасы техникалык тейлөөдөн ал эми 34 даана трансформатор накталап оңдоодон өткөрүү мерчемделген.

Капиталдык курулуштун эсебинен ашыкча жүктөм менен иштелип жаткан 13 даана трансформаторун алмаштыруу пландалууда.

Ал эми жалпы 10 кВ 120,4 чакырым аба чубалгысынан 36,8 чакырымы техникалык тейлөөдөн жана 33 чакырым аба чубалгысы накталап оңдоодон өткөрүлөт.

Жана ошондой эле 0,4 кВ 183,9 чакырым аба чубалгысынан 7,5 км реконструкцияланып, СИП – 2 кабельдик чубалгыга алмашылат.

2024-жылдын 1-мартына карата АСКУЭ акылдуу эсептегичтин 7 339 данаа алмашылып , мунун ичинен 1 фазалуу – 4 625 даана, 3 фазалуу – 2 714 даана кардарларга орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий