• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча пландын долбоору талкууланат

Өкмөт 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун талкуулоону жана аны толуктап иштеп чыгууну баштады.

Документти талкуулоо алкагында 7-декабрда Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана БУУ Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК), ошондой эле БУУ Түзүмү менен биргеликте уюштурулган эл аралык уюмдар жана жарандык коом өкүлдөрү менен жумушчу консультативдик жолугушуу өтөт.

Атап айтканда, эмгек рыногу жана жумуштуулук тутумун, социалдык коргоону реформалоо, коомдук саламаттык тутумун кардиналдуу түрдө кайра өзгөртүү, санариптик технологиялардын негизинде алгачкы медико-санитардык көмөктү чыңдоо, жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, билим берүү тутумуна жан башына каржылоону киргизүү, мектепке чейинки жана мектептик билим берүүгө, социалдык-медициналык жана реабилитациялык, медициналык кызмат көрсөтүүгө бизнести кеңири тартууга тийиштүү маселелер талкууланмакчы.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө гендердик теңчиликти илгерилетүү үчүн институционалдык негизди бекемдөө, COVID-19 таасиринин шартында аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча маселелерди кароо пландаштырылууда.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча социалдык чөйрөдөгү маселелер боюнча Пландын долбоорунун иш-чараларын толуктап иштеп чыгуу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий