• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

УКМК Бишкектин Октябрь РИИБсинин кызматкерине издөө жарыялады

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери издөөгө алынды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик органдар системасында, өзгөчө укук коргоо системасында мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштер улантылууда.

УКМКга Кыргыз Республикасынын жараны “О.А.” Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери “С.Р. кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылды.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (кызматтык абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

“С.Р.” издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын УКМКсы бул адамдан жабыркаган жарандар болсо (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, 0702233243 WhatsApp номерине, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууларын өтүнөт:

• Чүй облусу: (0312) 54-07 19:

• Жалал-Абад облусу:: (03722) 5-60-49;

• Ош облусу:: (03222) 2-30-78;

• Ысык-Көл облусу:: (03922) 5-11-80;

• Талас облусу:: (03422) 5-20-43;

• Нарын облусу:: (03522) 5-08-49;

• Баткен облусу: (03622) 5-00-33.

Пикир

Оставить комментарий