• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

22-26-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 22-26-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 22-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жала-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-мартта күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

26-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 26-мартта күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-25-марттарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий