• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

200дөн ашык техника, асыл тукум мал. Бишкекте үч күн катары менен “АгроТехЭкспо 2021” көргөзмөсү өтөт

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата 22-23-24-октябрда Бишкектин эски аянтында “АгроТехЭкспо 2021” көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Айыл чарба министрлигинин айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо бөлүмүн башчысы Жайлобек Мадьяров билдирди.

Анын айтымында, көргөзмө-жарманкеге 200дөн ашуун алдыңкы кыргызстандык жана чет өлкөлүк айыл чарба техникаларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар катышат.

“Көргөзмө-жарманкеге айыл чарба техникалары жана акыркы заманбап айыл чарба технологиялар, айыл чарба жаныбарларынан асыл тукум мал жандыктар жана канаттуулар, мал чарбасында, өсүмдүк өстүрүүдө, кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы технологиялардын түрлөрү жана башкалар көрсөтүлөт”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, “АгроТехЭкспо” көргөзмөсү 2012-жылдан бери өткөрүлүүдө. Көргөзмөнүн негизги максаты — айыл чарба тармагындагы техникаларды жана өсүмдүктөрдүн сапаттуу үрөнү менен камсыздоо. Ошондой эле дыйкандарды өсүмдуктөрдү зыянкечтерден коргоочу каражаттардын, жер семирткичтердин сапаттуусун колдонууга жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө үйрөтүү.

Пикир

Оставить комментарий