• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

23-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.07.18. /Кабар/. Эртең, 23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй жана Ысык-Көл облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 19...24, күндүз 34...40,

Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 30...35,

Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,

Эртең Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 35…37° болот.

Пикир

Оставить комментарий