• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алматыда автобустар кагылышып, 18 киши жабыр тартты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Жекшемби, 22-июлда Алматыда эки жүргүнчү автобус бетме-бет сүзүшүп, салондо отурган кишилер жабыр тартты.

Алматы Салматтык сактоо башкармалыгы билдиргендей, окуя болгон жерге 10 “тез жардам” унаасы барган. Шаардын ооруканасына ар түрдүү жаракат менен 18 киши кайрылган.

Жабыр тарткандардын ичинде үч бала бар. Алдын ала маалыматтар боюнча жол боюнда токтоп турган автобустун тормозу кармабай, жүргүнчү ташып бараткан унааны сүзгөн.

Казакстанда коомдук транспорттун катышуусундагы авариялар ырааттуу түрдө болуп турат. 2017-жылы автобус менен жол тандабас кагылышып, 17 киши жабыр тарткан. Ушул эле жылы августта Орол шаарында эки автобус кагылышып, 58 киши жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий