• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Миллиардер Алишер Усманов Наманган облусуна 50 млн доллар бөлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Өзбек тектүү орусиялык олигарх Алишер Усманов (Жайлуу айыл) программасынын алкагында Наманган облусуна кайтарымсыз түрдө 50 миллион АКШ долларын бөлдү.

Бул тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев аталган облуска иш сапар менен барган учурда билдирди.

Президент облустун активдери менен жолугушуу учурунда Наманганда Алишер Усманов атындагы жаштардын бизнес борбору ачыларын маалымдады.

“Ал (Алишер Усманов – Ред.) бул жерде бизнес борбор менен бизнес мектеп ачат. Мында ишкерлер даярдалат. Ал үчүн чет өлкөлүк адистер тартылат”, –деди президент.

USM Holdings компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы акционери Алишер Усманов Наманган облусунун Чуст районунда төрөлгөн. Forbes Усмановдун мүлкүн 12,5 миллиард долларга баалаган, ал Орусиядагы эң бай ишкерлердин арасында 10-орунда турат.

Өзбекстан президенти 2018-жылы августта “Алишер Усмановду орден менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий