• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык телеканалын же жаңылыктар сайтын түзүүнү сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Чолпон-Ата, 21.07.22./Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында БА өлкөлөрүнүн аймактык телеканалын же жаңылыктар сайтын түзүүнү сунуштады.

Анын айтуусуна караганда, бүгүнкү күндө маалымат майданында бүтүндөй аймакка зыян келтирген терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарыл.

"Биз мамлекеттер жана улуттар аралык кастыкты козутуу аркылуу элдерди бөлүп-жаруу, мамилебизди бузуу аракеттерине каршы биригишибиз керек. Тилекке каршы, аймактагы мамлекеттердин турмушун чагылдырууда учурда биздин ЖКМларда маалыматтык таңкыстык байкалат. Жалпы региондор аралык телеканал же маалыматтык интернет сайтын түзүү учурдун талабы", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий