• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Беларус орус мунайынын транзитине тыюу саларын эскертти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. Беларус “Дружба” нефтитүтүгүнүн ремонтуна байланыштуу орус мунайынын транзитине тыюу салды. Бул тууралуу вице-премьер Игорь Петришенко президент Александр Лукашенконун кабыл алуусунан кийин билдирди.

Беларус министринин айтымында, адистер бир жарым жыл мурун эле жарым кылымдан ашык мөөнттөн бери кызмат өтөп жаткан мунайтүтүгүн ремонтко жабууну сурашкан. Бирок өнөктөштөрдү оңтойсуз абалда калтырбоо үчүн орус мунайынын транзитине чектөө киргизилген эмес. Азыркы чечимди вице-премьер экология жана “жашыл экономика” талаптары менен түшүндүрдү. Ремонт канча мөөнөткө созулары айтыла элек.

Буга чейин Беларус президенти Александр Лукашенко Орусия бир катар беларус товарларына эшигин жапканын санкцияларга теңеген. “Ал жакта такыр эле ашынып кетишип, биздин колубузду толгой башташты”, - деген беларус лидери. Лукашенко өкмөттү мунайтүтүгүн ремонтко жабууга жана орус тараптын кызыкчылыктарын эске албоого чакырган.

Орусиялык "Транснефть" компаниясы “Дружбанын” абалы канааттандырарлык экенин билдирди. Айрым түтүктөрдө кемчиликтер бар, бирок бул авариялык абал эмес. "Транснефть" ремонт ишинде беларус кесиптештерине жардам көрсөтүүгө даяр. Кремлден белгилешкендей, Москва менен Минск айрым маселелер боюнча бири-бирин толук түшүнбөй жатат, бирок Орусия санкция киргизген эмес.

10-апрелде Россельхознадзор жасалма фитосанитардык сертификаттардан улам беларус алмаларына жана алмуруттарына тыюу салган. Мекеме Украинадан азык-түлүк эмбаргосуна кабылган европалык товарлар келип жатканын да сынга алган.

Пикир

Оставить комментарий