• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда акыркы суткада 11 миң 862 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 11 миң 862 кишиден табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 2352, Алматы шаарында – 2126, Шымкент шаарында – 157, Акмоло облусунда – 976, Актөбе облусунда - 467, Алматы облусунда – 265, Атырау облусунда – 477, Чыгыш-Казакстан облусунда – 354, Жамбыл облусунда – 194, Батыш-Казакстан облусунда – 420, Караганда облусунда – 2058, Костанай облусунда _ 348, Кызылорда облусунда – 134, Мангистау облусунда – 173, Павлодар облусунда – 910, Түндүк-Казакстан облусунда – 318, Түркстан облусунда – 133 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 178 миң 559 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий