• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

23-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.05.22. /Кабар/. Эртең, 23-майда, өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, айрым аймактарда жамгыр катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23, Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23, Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16, Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26 градуска жетет.

Бишкек шаарында түн ичинде жаан жаайт, түнкүсүн 7…9, күндүз 19…21 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий