• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

24-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Эртең, 24-январда Кыргызстандын аймагында жаан чачын күтүлбөйт.

Синоптиктердин маалыматына караганда, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерин туман каптайт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын ылдамдыгы өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7, Талас облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12, Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3 жана Нарын аоблусунда түнкүсүн -25…-30, күндүз -11…-16 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын түнкү температурасы -8…-13, күндүз -2…+3 градус болот.

Эртең Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16, күндүз -2…-4 градус суук болот.

Пикир

Оставить комментарий