• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Байсалов Аксы окуясы боюнча: 20 жыл мурун жарандык коом демократия менен эркиндикти жактап чыккан

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Аксы окуясынын 20 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Музейде ал окуялардын фотосүрөттөрү жана Кыргызстандын ошол кездеги жалпы абалы, түрдүү документтер жана тарыхый маалыматтар коюлган.

Эскерте кетсек, 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында бийликтин саясатына каршы чыккан тынч демонстранттарга карата ок чыгарылган. Аксы районунун алты тургуну алган жараатынан каза болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул Акаев режиминин эл аралык коомчулук Афганистандагы кырдаалга көңүл буруп жаткандыгынан пайдаланып, Конституцияга каршы келген кадамдарга атайын жасалган аракети экенин белгиледи.

“Бирок 20 жыл мурун жарандык коом демократия менен эркиндикти жактап чыккан. Көп күндүк ачкачылык жарыяланган. Кийинчерээк тынч демонстранттарга карата ок чыгаруу боюнча атайын буйрук берилген. Алардын өлүмү тартылган тасма демонстранттардын колуна түшкөндүктөн, бул тарыхта калып, ал учурдагы режимди ачыктады”, - дейт Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий