• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

27-июндан тарта Бишкекте коомдук унаалар менен таксилер дем алыш күндөрү иштебейт – мэрия

Коом 0

Бишкек, 25.06.20./Кабар/. 27-июндан тарта Бишкекте коомдук унаалар менен таксилер дем алыш күндөрү иштебейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек мэриясынынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал акыркы мезгилде шаарда коронавирус жуктурган учурлар көбөйгөнүн белгилеп, жарандарды ишенбөөчүлүк кылбай, санитардык талаптарды аткарууга чакырды.

Аны менен бирге ал оорунун жайылышын алдын алуу чарасы катары 27-июндан тарта дем алыш күндөрү коомдук унаалар менен таксилер иштебей турганын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий