• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

27-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Эртең, 27-ноябрда Ош облусунун тоолуу райондорунда аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7, Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5, Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жамгыр жаап, карга айланышы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13 градус, күндүз 3…-5 градус суук болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий