• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

28-январдан 3-февралга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 3-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 28-29-январда жана 30-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-январда күндүз Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми 2-февраль күнү кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 3-февралда болсо жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий