• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмгекчил айылынын тургундары айылдагы бардык ичимдиктерди жок кылышты

Коом 0

Бишкек, 12.08.17 /Кабар/. Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылынын тургундары айылдагы бардык ичимдиктерди жок кылышты. Мындай демилгени жаштар көтөрүшкөн. Алар мындай сунуш менен ичимдиктерди сатууну токтотууну көздөшөт.

Тургундар айылдагы бардык ичимдиктерди сатып алуу үчүн, болжолу менен 400 миң сом чогултушкан. Дагы 100 миң сомдук алкоголь ичимдиктерин дүкөндөрдүн сатуучулары чыгарып беришкен. 11-12-августта ичимдиктерди айылдын чет жагына алып барып жок кылышкан. Бул тууралуу «Азаттыкка» айылдын башчысы Жаныбек Сопиев билдирген.

Айыл тургундары ичимдик көптөгөн окуяларга себеп болуп жатканын айтышууда. Маалым болгондой, Нарындагы 5 айылда ичимдик сатуу токтогон.

Эскерте кетсек, республикадагы айылдардын басымдуу бөлүгүндө ичимдик сатууга тыюу салынууда. Бул сунуш алгачкы ирет Ош облусунун Караке айылынын тургундары тарабынан 2008-жылы киргизилген. Кийинчэрээк бул сунушту бир катар айылдар колдоого алган.

Мунун негизги максаты айылдардагы кылмыштуулуктун санын кыскартуу, жаштарды алкоголь ичимдиктеринен коргоо болуп эсептелет. Алардын чечимдерин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар жана дүкөндөрдүн ээлери колдоого алууда.

Пикир

Оставить комментарий