• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

28-майга чейин өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт – Кыргызгидромет

Коом 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 24-майдан 28-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

24-28-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

24-28-майларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

24-27-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 28-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-27-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 28-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

24-28-майларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-28-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий