• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясынын колл-борборуна 711 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. 29-октябрдан 4-ноябрга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна шаар тургундарынан 711 арыз жана кайрылуу келип түшкѳн. Алардын ичинен катталганы 178.

Келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү сурап-билүү мүнөзүндө болгон.

Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору кайрылууларды 185 жана 1840 күнү-түнү кабыл алат, ошондой эле шаар тургундары кѳйгѳйлѳрдү сүрѳттѳрү менен WhatsApp тиркемеси аркылуу 0554-182-185 номерине жөнөтө алышат.

Пикир

Оставить комментарий