• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кездеме жана кийим сактоочу кампадан өрт чыгып, 900 чарчы метр аянт күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Элебесов көчөсүнүн №155 дарегинде жайгашкан “Деңиз Текстиль” кездеме жана кийим сактоочу кампадан өрт чыккан. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт тууралуу билдирүү кечээ, 5-ноябрда болжол менен саат 22:00дөр чамасында түшкөн.

“Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган, саат 22:06да штаб жана саат 22:12де ККББдан ыкчам топ, саат 22:34тө Бишкек шаардык кызматынан 4 куткаруучу, ошондой ЖКК кызматынан 2 унаа менен 5 кызматкер, Суу чарба башкармалыгынан 1 унаа, Чыгыш РЭТтен 1 бригада тартылды”, - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Өрт саат 23:29да чектөөгө алынып, таңкы саат 05:10до толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 900 чарчы мерт аянт күйүп кеткен, жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий