• 88.68
  • 95
  • 0.95

6 жаштагы кызды зордуктаганга аракет жасаган адам 20 жылга эркинен ажыратылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. 6 жаштагы кызды зордуктаганга аракет жасаган адам 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коррупцияга бөгөт коюу, социалдык сферадагы мыйзамдардын аткарылышын жана балдарды коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Талантбек уулу Нуржан Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр 30-ноябрда саат 10:30 чамасында 42 жаштагы Калил уулу Сапарбек мас абалында 6 жаштагы кызды эч ким жок жерге алдап алып барган. Ошол учурда кыз мектепке даярдоо курсуна бара жаткан.

Эркек киши аны жерге жыгып, кийимин чечип, кыйкырганына карабай аны зордуктоого аракет жасаган. Ошол учурда айылдын жашоочулары жардамга келишип, милицияны чакырышкан. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкер кармалган.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө кармалган адамды күнөөлүү деп табышып, аны күчөтүлгөн режимдеги колонияда 20 жылга эркинен ажыратуу жазасын беришкен.

Пикир

Оставить комментарий