• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзүн-өзү атканбы? Сокулукта эркек кишинин жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда унаанын ичинде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 08:50лөр чамасында Сокулук райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө ок тийген адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери жерине келгенде 35-40 жаштагы европа улутундагы эркек кишинин сөөгүн табышкан. Ал башына ок тийген абалда, “Тойота” үлгүсүндөгү унаанын арткы жагында колунда 12 калибрлүү мылтык менен табылган.

Милиция кызматкерлери унаанын ичин тинтип чыгып, эч кандай салгылашуунун белгилерин табышкан эмес.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Маркум 39 жаштагы Шопоков А.Т. аттуу жаран экендиги жана ошол жерде табылган “Тойота” унаасы жана мылтык маркумга таандык экендиги аныкталган.

Учурда милиция кызматкерлери иштин чоо-жайын аныктоо максатында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий