• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто кафеден өрт чыгып, жаш жигит түтүнгө ууланды

Кырсык 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Токмокто кафеден өрт чыгып, жаш жигит түтүнгө ууланды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарындагы “Ак-Тилек” кафесинин ашкана бөлмөсүнүн 75 чарчы метр аянты жана ашкана эмеректери күйгөн. Өрттүн кесепетинен 25-30 жаштагы жигит түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий