• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек арадагы чыр: Жергиликтүү жашоочулар коопсуз аймакка чыгарылды

Кырсык 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам жергиликтүү жашоочулар коопсуз аймакка чыгарылды. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине өкмөттүн Баткен облусундагы атайын өкүлү Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бүгүн таңкы саат 6:10 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары ошол эле айылда жайгашкан Шайдулла Ганы атындагы орто мектебинин имаратына жайгаштырылган. Жалпысынан 217 жаран коопсуз аймакка чыгарылган, анын ичинен 117 - жаш балдар, 90 - аялдар, калгандары улгайган адамдар болгон.

"Мамлекеттик чек ара тилкесинде катталган чыр боюнча факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды. Учурда тиешелүү териштирүү иштери башталды", - деп кошумчалады өкүл.

Мадумаров кошумчалагандай, Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолу ачык, автоунаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.

Белгилей кетсек, 9нан 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, белгисиз адамдар Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашып, Тажикстандын аймагына кире качышкандыгы маалымдалган.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, унаанын ичиндеги кыргыз жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.

Андан тышкары, тажик тараптан ок атылып жаткандыгы кабарланган, акыркы маалыматтарга таянсак, Тажикстан тараптан ок атуулар токтогон.

"Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бирок бир аз чыңалуу бар. Азыркы тапта чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан акыркы билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий