• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Баткенде милиция күчөтүлгөн тартипке өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. 9-январдан 10-январга караган түнү болжол менен түнкү саат 00:40тар чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашып, Тажикстандын аймагына кире качышкан. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

КР укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, унаанын ичиндеги Кыргызстандын жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.

"Болжол менен саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Кыргызстандын ал жаранынын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окторду табышкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанууда", - деп билдирет Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Учурда чек арадагы чырга байланыштуу Баткенде милиция күчөтүлгөн тартипке өттү.

Пикир

Оставить комментарий